Орусия президенти Владимир Путин эгер жолугушуу макулдашылса, АКШ президенти Дональд Трамп менен Будапештте сүйлөшүүгө кубанычта болорун билдирди. Бул тууралуу ал Кремлде Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушуу учурунда айтканын орус басылмалары жазышты.
Орбан Украина маселесин жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр үчүн Будапештти сунуштоого даяр экенин айтты жана Будапешт тынчтык демилгелеринин ийгиликтүү аякталышына кызыкдар экенин белгиледи.
"Эгер сүйлөшүүлөр Будапешт боло турган болсо, мен да абдан кубанычта болом жана жардам көрсөтүүгө даяр экениңиздер үчүн ыраазычылыгымды билдирем", — деди Путин.