Бүгүн, 28-ноябрда Агартуу министрлигинде министрдин орун басары Надира Жусупбекованын Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Дүйнөлүк банк тарабынан жолугушууга улук экономист, долбоордун командасынын тең жетекчиси Саурава Дева Бхатта жана билим берүү маселелери боюнча адис, долбоордун командасынын жетекчиси Гульмира Султанова катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ишке ашырылып жаткан жана пландаштырылган долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу негизги маселелерди талкуулашты, ошондой эле алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү механизмдерин аныкташты.