Өзгөндө жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялаган жарандар кармалды (видео)

Мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл округунун 1967-жылы туулган С.Э. аттуу мурдагы башчысы, 1984-жылы туулган М.Ф. аттуу жер инспектору жана 1983-жылы туулган М.Э. аттуу жаран кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

УКМКдан билдиришкендей, аталган жарандар 2016-жылдан 2022-жылга чейин башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп, жасалма документтерди даярдаган. Ошондой эле Өзгөн районундагы 1,5 гектар жер тилкелерин трансформациялап, кийинчерээк сатып жибергени аныкталган.

Белгилей кетсек, жерди трансформациялоо укугу Министрлер кабинетинин токтомунун алкагында гана ишке ашырылат.

Учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жогоруда айтылган махинацияга тиешеси бар калган адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө иш-чараларын улантууда.

Өзгөндө жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялаган адамдар кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан