The Telegraph: АКШ Крымды жана Орусиянын көзөмөлүндөгү аймактарды таанууга даяр

АКШнын администрациясы Украина боюнча келишимге жетишүү үчүн Крым жана Орусия көзөмөлдөп турган башка аймактарды таанууга даяр. Бул тууралуу The Telegraph басылмасы билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, Дональд Трамп Москвага сунуш киргизүү үчүн өзүнүн тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча атайын өкүлү Стив Уиткоффту жана күйөө баласы Жаред Кушнерди жөнөткөн.

"Дипломатиялык нормаларга каршы келген бул аймактарды таануу планы, Украина боюнча Европанын союздаштарынын тынчсыздануусуна карабастан, чоң мүмкүнчүлүк менен ишке ашат. Барган сайын айкын болуп жатат, америкалыктарды Европанын позициясы анча кызыктырбайт", - деп айтылат басылманын маалыматында.

Орусия президенти Владимир Путин кечээ, 27-ноябрда АКШ Крымды, Донецк жана Луганск аймактарын Орусиянын аймагы катары таануусу АКШ президентинин тынчтык планы боюнча сүйлөшүүлөрдүн негизги маселелеринин бири болорун билдирди.

Мындан тышкары Путин Москвада келерки жумада АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткоффтун келерин ырастады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан