Индонезиянын борбору Жакарта БУУнун докладына ылайык, дүйнөдөгү эң калктуу шаар болуп, Токиодон озуп кетти. Азыр шаарда 42 миллион адам жашайт. Экинчи орунда — Бангладештин борбору Дакка, анда 36,5 миллион киши жашайт.
2018-жылы жашоочулары эң көп деп эсептелген Токио шаары азыр үчүнчү орунга түшүп калды. Бул мегаполисте 33 миллион тургун бар.
Алдыңкы ондукка ошондой эле Нью-Дели, Шанхай, Гуанчжоу, Манила, Калькутта жана Сеул кирди. Рейтингдеги Азиядан тышкаркы жалгыз шаар — Египеттин борбору Каир, анда 25,5 миллионго жакын адам жашайт.
Москва 14,5 миллион калкы менен 19-орунду ээледи. Андан жогору орунда 15 миллион калкы менен Стамбул жайгашты.