Орусияда WhatsApp толук бөгөттөлүшү мүмкүн 

WhatsApp мессенжери орус мыйзамдарын мындан ары да аткарбаса, Орусия аймагында толугу менен бөгөттөлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Роскомнадзор маалымдады.

Мекеме түшүндүргөндөй, сервиске байланыштуу системалуу мыйзам бузуу фактылары үчүн чектөө чаралары акырындап колдонулуп жатат. Айрыкча интернет-коммуникация тармагын жөнгө салган орус мыйзамдарынын талаптары аткарылбай келүүдө.

Бүгүн, 28-ноябрда Санариптик экономика фондунун кеңешинин жетекчиси Герман Клименко Орусияда WhatsApp бөгөттөлө турганын айтты. Анын айтымында, сервис кеминде беш мыйзамды бузууда, ошондуктан бөгөт коюуга негиздер жетиштүү.

Буга чейин Мамдумадагы маалыматтык саясат, IT жана байланыш комитетинин мүчөсү Антон Немкин да WhatsApp мессенжерине бөгөт коюу убакыт маселеси экенин билдирген. Анын айтымында, компания ээси орус мыйзамдарын системалуу түрдө тоготпой келет, адамдардын коопсуздугуна коркунуч жаратат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан