
Бүгүн, 29-ноябрда Кыргызстанда шайлоо алдындагы "жымжырттык күнү". Парламенттик шайлоого аттанган талапкерлер 10-ноябрда баштаган үгүт иштерин токтотту.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, бул күнү мыйзам бузулууларды алдын алуу максатында 10 миңден ашык укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.
Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- ЖМК, интернет-басылмалар жана социалдык түйүндөр аркылуу үгүт жүргүзүүгө;
- Митингдер, жыйындар, теледебаттар сыяктуу коомдук үгүт иш-чараларын өткөрүүгө;
- Үгүт материалдарын (басма, аудиовизуалдык жана башка) таратууга;
- Мыйзамда каралган башка үгүт формаларына.
Мурда жайгаштырылган үгүт материалдары шайлоо комиссияларынын имараттарынан тышкары жайгашкан болсо, өз ордунда калат.
"Жымжырттык күнүндө" шайлоо комиссияларынын маалымат берүү иши улантылат. Бул мыйзамдын жоболорун жана добуш берүүнүн тартибин түшүндүрүү, ошондой эле шайлоого катышууга чакыруу.

Өлкө аймагы боюнча 2492 шайлоо тилкеси, ал эми чет мамлекеттерде 100 шайлоо тилкеси ачылат.
Ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү тилкеси иштейт. Алардын катарында аэропорттордо (учуу жана конуу зоналарында), ири базарларда, соода борборлорунда, тергөө абагында, медициналык мекемелерде жана адамдар көп топтолгон башка жайларда жайгашкан пункттар бар.
БШКнын маалыматы боюнча, шайлоочулардын тизмесине 4 миллион 294 миң 243 шайлоочу кирди. Алардын:
- эркектер – 2 миллион 81 миң 514, же 48,47 пайыз;
- аялдар – 2 миллион 212 миң 729, же 51,52 пайыз.

Бүгүн, 29-ноябрда болсо шайлоо тилкелеринен сырткары добуш берүү жүргүзүлөт. Шайлоо тилкелеринен сырткары добуш берүү — бул шайлоочунун белгиленген шайлоо участогунда эмес, башка жерде же атайын уюштурулган механизм аркылуу добуш бериши. Мындай ыкма шайлоого келе албаган жарандарга өз добуш укугун колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Эгер шайлоочу ооруп жатса ооруканадан, кыймылдай албай турган болсо, шайлоо комиссиясы анын үйүнө барып добуш алып кетет. Мындан тышкары мындай добуш берүү абактарда, аскер бөлүктөрүндө, чет элдеги элчиликтерде орун алат.

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого катышуу үчүн жалпы 461 талапкерди каттады.
Эртең, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.
Кыргызстанда 30 шайлоо округу түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Жалпысынан парламент 90 депутаттан турат.