Кечээ, 28-ноябрда Казакстандын Актау шаарында Түрк маданиятынын эл аралык уюму — ТҮРКСОЙдун туруктуу кеңешинин 42-жыйыны өттү. Жыйын Казакстандын маданият жана маалымат министри Аида Балаеванын төрагалыгы астында өткөндүгүн Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.