Түштүк-Чыгыш Азиядагы сел 321 адамдын өмүрүн алды

28-ноябрга карата Түштүк-Чыгыш Азиянын ири аймактарында болгон селдерден каза болгондордун саны 321ге жеткендигин Reuters агенттиги маалымдады.

Индонезиянын, Малайзиянын жана Таиланддын ири аймактары циклондун жана сейрек кездешүүчү бороондун таасиринен жабыркады. Бул бороон Малакка кысыгында пайда болгон.

Индонезиядагы катуу жабыркаган Суматра аралында 28-ноябрга карата 174 адамдын каза болгону тастыкталганын Индонезиянын кырсыктарды алдын алуу агенттигинин башчысы маалымат жыйынында билдирди. Ал жаан токтогонуна карабастан 79 адам дайынсыз экенин, миңдеген үй-бүлөлөр эвакуацияланганын кошумчалады.

Таиланд өкмөтү өлкөнүн сегиз түштүк провинциясында селден 145 адам каза болгонун билдирди. Жалпысынан 3,5 миллиондон ашык адам жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан