Бүгүн, 29-ноябрда Бишкек шаардык мэриясы жана "Бай-Таш Групп" курулуш компаниясы Чокан Валиханов атындагы жылуулук тармагынын техникалык каналы аркылуу өтө турган жаңы көпүрө куруу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
"Жаңы көпүрө көптөн берки жолдун тардыгы жана тротуарлардын жоктугу сыяктуу маселелерди чечип, транспорт агымын жеңилдетет. Долбоор 2025-жылы башталып, 2026-жылдын июнь айында аякташы пландалууда. Алты тилкелүү, 90 метрлик көпүрөдө эки капталында 3 метрден тротуар болот. Каржылоо мэрия тарабынан жүргүзүлүп, төлөмдөр 3–5 жыл ичинде этап менен аткарылат", - деп белгиленген маалыматта.
Бул долбоор шаар инфраструктурасын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.