Кыргызстан ECOнун 5-жыйынында Сооданы жеңилдетүү стратегиясына кошулду

24–26-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында экономикалык кызматташтык уюмунун 5-жыйыны өттү. Бул тууралуу Экономика министринин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чара аймактык соода-экономикалык интеграцияны чыңдоого багытталды. Кыргызстандын атынан Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Эсенгул уулу катышып, өлкөнүн приоритеттерин сунуштады:
— соода тармагынын санариптештирилиши;
— электрондук маалымат алмашууну кеңейтүү;
— бирдиктүү бажы стандарттарын өнүктүрүү;
— ECOTA келишимин жаңылоо.
Жыйындын алкагында министрлердин жолугушуулары жана адистер тобунун жыйыны өтүп, ECO аймагындагы интеграцияны тереңдетүү жана ички сооданы көбөйтүү маселелери талкууланды. Маанилүү жетишкендик: Кыргызстан, Түркия, Иран жана Пакистан тарабынан ECO Сооданы жеңилдетүү стратегиясы боюнча меморандумга кол коюлду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан