Социалдык тармактарда мүмкүнчүлүгү чектелген досуна атайын коляска жана башка белектерди берген жарандын видеосу тарады.
Бул видео Нарын облусунда тартылган. Анда жаран мүмкүнчүлүгү чектелген досуна атайын коляска, жылуу кийим алып барып берген. Видеодо жаңы колясканы көргөн мүмкүнчүлүгү чектелген жарандын катуу кубанганын көррүгө болот.
Бул видео көпчүлүк адамды таасирлентип, айрымдары көздөрүнө жаш алышканын дагы жашырышкан эмес.