Тажикстанда электр энергиясына чектөө киргизилди

Бүгүн, 29-ноябрда Тажикстанда электр энергиясын чектөө тууралуу маалымат берилди. Бул чаралар Нурек суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу киргизилип жаткандыгын чет элдик басылмалар жазышууда.

Чектөөлөрдүн негизги багыттары:

  • Душанбеден башка аймактардагы 5 киловатка чейин энергия керектеген 1-топтогу колдонуучулар өчүрүлөт;
  • "Акылдуу эсептегичтер" белгиленген тартипте убактылуу өчүрүлөт;
  • Бюджеттик уюмдар жана мамлекеттик ишканалардын электр менен камсыздалышы саат 18:00дөн кийинки күндүн иш күнү башталганга чейин токтотулат;
  • Негизги көчөдөн тышкаркы аймактардагы көчө жарыктарын өчүрүү;
  • Электромобилдерди заряддоо станциялары саат 18:00дөн 22:00гө чейин өчүрүлөт.

Электр энергиясын керектөөнү рационалдуу пайдалануу жана алдын ала даярдык көрүү сунушталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан