Бүгүн, 30-ноябрь өлкө боюнча шайлоо участкалары ачылып, алгачкы добуш берүүчүлөр келүүдө.
Бишкек шаарындагы №1002 шайлоо тилкесинде дагы добуш берүүчүлөрдү кабыл алуу жүрүп жатат. Аталган шайлоо тилкесинин төрагасы Адил Молдоев шайлоочулар активдүү катышып жатканын билдирди.
"Учурда 30га жакын киши шайлоодон өттү. Аймактардагы шайлоочулар дагы келүүдө. Бул жакта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, коопсуздукту камсыз кылуу органдарынын кызматкерлери жана байкоочу топ шайлоого көзөмөл жүргүзүүдө", - дейт ал.