Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда парламентке депутаттарды шайлоо жүрүп жатат

Бүгүн, 30-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгү жүрүп жатат.

Өлкө аймагы боюнча 2492, ал эми чет мамлекеттерде 100 шайлоо тилкеси ачылды. Ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү тилкеси иштеп жатат. Алардын катарында аэропорттордо (учуу жана конуу зоналарында), ири базарларда, соода борборлорунда, тергөө абагында, медициналык мекемелерде жана адамдар көп топтолгон башка жайларда жайгашкан пункттар бар.

БШКнын маалыматы боюнча, шайлоочулардын тизмесине 4 миллион 294 миң 243 шайлоочу кирди. Алар:

- эркектер – 2 миллион 81 миң 514, же 48,47 пайыз;

- аялдар – 2 миллион 212 миң 729, же 51,52 пайыз.

Учурда жалпы 461 талапкер ат салышууда. Кыргызстанда 30 шайлоо округу түзүлгөн. Шайлоочулар талапкерлердин бирөөсүнө гана добуш бере алат. Ал эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Жалпысынан парламент 90 депутаттан турат.

Айта кетсек, шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан