Зеленскийдин кеңсесинин башчысы кызматын тапшырып, фронтко жөнөдү

Украина президентинин кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак коррупциялык иликтөөнүн алкагында анын үйүндө жүргүзүлгөн тинтүүдөн кийин отставкага кетти. Президент Владимир Зеленский бул чечимди коомдогу ушак-айыңдарды токтотуу жана саясий туруктуулукту сактоо боюнча кадам катары түшүндүргөнүн чет элдик басылмалар жазышууда.

Ермак отставкадан кийин фронтко барарын айтып, өзүнө карата айтылган айыптоолорду жалган деп атады жана колдоонун жоктугуна нааразы болду. Ал орус-украин ортосундагы ок атышууну токтотуу боюнча АКШ менен Украина сүйлөшүүлөрүнүн негизги өкүлү болгон.

Тергөө "Энергоатом" компаниясындагы ири коррупциялык схемаларга байланыштуу. Бул иш жогорку кызматтагы бир катар аткаминерлерге тийиштүү деп саналууда жана өлкөдөгү соңку жылдардагы эң чоң коррупциялык ишке айланган. Иликтөөнүн фонунда бир нече министр кызматтан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан