АКШ президенти Дональд Трамп Венесуэла үстүндөгү аба мейкиндиги толугу менен жабылганын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Бардык авиакомпаниялар, учкучтар, баңгизат саткандар жана адам сатуу менен алектенгендер, көңүл бургула! Венесуэла өлкөсүнүн үстүндөгү жана анын айланасындагы аба мейкиндиги жабык. Бул маселеге түшүнүү менен караганыңыздар үчүн рахмат!" - деп жазды ал өзүнүн Truth Social баракчасында.
АКШнын администрациясы Венесуэланы баңгизатка каршы жетиштүү күрөшпөгөндүгү үчүн айыптап келет. 2025-жылдын сентябрынан тартып АКШ Венесуэлага таандык баңгизат ташып жүргөн делген деңиз кемелерине ракеталык соккуларды жасоодо.
Баңгизатка каршы кампаниянын алкагында Трамп Венесуэла жээгине ири аскерий топ жөнөткөн. Айрым басылмалар анын бул кадамын Венесуэла президенти Николас Мадурону бийликтен четтетүү үчүн жасап жатат деп белгилешүүдө.
The New York Times басылмасынын булактарынын айтымында, Мадуро АКШ менен өткөрүлгөн бейрасмий сүйлөшүүлөрдө 2–3 жыл ичинде кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирген. Вашингтон бул сунушту кабыл алган эмес.