Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров шайлоо участокторунда мүчүлүштүктөр жок экенин билдирди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, буга чейин социалдык түйүндөрдө айрым шайлоо участокторунда мүчүлүштүктөр болуп жатат деген маалымат тараган. Төрага аталган маалымат чындыкка дал келбей турганын белгиледи.
"Мүчүлүштүк бул система таптакыр иштебей калган учурда колдонулуучу түшүнүк. Бизде мындай көрүнүш болгон жок", - деген ал.
Ошондой эле төрага азыркы технология Кыргызстанда биринчи жолу колдонулуп жатканын, дүйнөдө анын аналогу жок экенин белгиледи.