"Чоң үмүт менен добуш бердим". Камчыбек Ташиев добуш берүүгө катышты (видео)

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектеги №1046 шайлоо тилкесинде добуш берди. Бул тууралуу "Регион" телеканалы кабарлады.
Анын айтымында, учурда өлкө аймагындагы бардык тилкелерде коопсуз шайлоо жүрүп жатат.
"Учурда өлкө аймагында толук шайлоо жүрүп жатат. Эч жерде коопсуздук маселеси жок. Биздин шайлоочулар, талапкерлер үчүн баардык шарттар түзүлгөн. Мен дагы тынчтык, стабилдүүлүк, келечек үчүн добуш бердим. Депутаттарыбыз келечектеги 5 жылда мамлекетибизде саясий, экономикалык өңүттөгү маселелерди чечип берет деген чоң үмүт менен добуш бердим", - деди Ташиев.
Ошондой эле атайын кызматтын төрагасы бул шайлоо таза өтүп, ага дүйнөлүк коомчулук ынанарына ишене турганын кошумчалады.
Камчыбек Ташиев
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан