ИИМ "шайлоонун жыйынтыгы чыкты" деген фейк маалыматтар тарап жатканын билдирди (видео)

Шайлоонун жыйынтыгы тууралуу жалган маалыматтар тарап жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Султан Макилов билдирди.

Анын айтымында, кечээ социалдык тармактарга "Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы" делген тизме тарап, анда утуп чыкты делген талапкердин ысымы жазылган.

“Бул фейк маалымат. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Жарандарды туура эмес маалыматтарды таратпоого жана мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырабыз. Жарандардан такталган гана маалыматтарга ишенүүсүн суранат элем. Учурда коомдук коопсуздук абал тынч”, - деди Макилов.

Ички иштер министрлиги бул тизме боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатканын кабарлады.

Шайлоонун жыйынтыгы тууралуу фейк маалыматтар тарап жатат (видео: ПолитКлиника)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан