Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров түндүк тиркемеси аркылуу шайлоого каттышууга мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-ноябрда журналисттерге шайлоо тууралуу маалымат берип жатып айтты.
Анын айтымында, шайлоочулар 3 документ аркылуу добуш берүүгө катыша алышат.
"Ар бир шайлоочу каалаган шайлоо тилкесине барып добуш бере алат. Мен өзүм дагы аралыктан добуш берүү системасын колдондум. Чет өлкөдө жүргөн жарандар дагы эч кандай каттоого турбастан, Эл аралык паспорт, ID паспорту жана "Түндүк" тиркемеси аркылуу добуш берсе болот", - деп билдирди Шайназаров.
Ошондой эле ал ар бир шайлоочу бир гана жолу добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин кошумчалады.