Чет өлкөдө биринчи ачылган шайлоо тилкеси жумушун жыйынтыктады (фото)

Чет өлкөдө биринчи болуп ачылган шайлоо тилкеси жумушун жыйынтыктады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө Петропавловск-Камчатск шаарындагы шайлоо тилкеси өз ишин жыйынтыктады. Аталган шайлоо тилкесине добуш берүүгө келген жарандардын саны 182 адамды түздү.
"Учурда өлкө аймагынан тышкары дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө, анын ичинде Орусия, Түркия, БАЭ, Сауд Арабиясы, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Австрия, Чехия, Словакия, Италия, Бельгия, Швейцария, Франция жана башка мамлекеттерде жайгашкан 92 шайлоо тилкесинде добуш берүү уланып жатат", - деп билдирди ТИМ.
Азыркы тапта чет өлкөдө добуш берген жарандардын жалпы саны 8 миң 592 адамды түздү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан