Москвадагы кыргызстандыктар добуш берүүгө активдүү катышууда (видео) 

Москвадагы кыргыз жарандары шайлоого активдүү катышып, өз добуштарын берүүдө. Аталган көрүнүштүн видеосу социалдык тармактарга тарады.

Маалыматка ылайык, добуш берүү Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде өтүп жатат.

БШКнын маалыматы боюнча, Бишкек сааты менен 10:00гө карата Кыргызстандан сырткары Орусия, Түркия, БАЭ, Сауд Арабиясы, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Австрия, Чехия, Словакия, Италия, Бельгия, Швейцария, Франция жана башка мамлекеттерде жайгашкан 92 шайлоо тилкесинде добуш берүү уланууда.


Масквадагы шайлоочулар добуш берүүгө активдүү катышууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан