Нижняя-Серафимовка айылындагы Карылар жана майыптар үйүндөгү добуш берүү жокко чыгарылды

№25 округдук шайлоо комиссиясы №7133 участогундагы жайдан тышкары добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда БШКдан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган округдук шайлоо комиссиясы Фейсбукта жарыяланган видеолорду текшерип, Нижняя-Серафимовка айылындагы Карылар жана майыптар үйүндө жайгашкан №7133 шайлоо участогунда добуш берүүнүн купуялуулугу бузулгандыгынын белгилери бар деген жыйынтыкка келген.

БШК келип түшкөн материалдарды шайлоо мыйзамдарына ылайык карап чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан