Кечээ, 29-ноябрда Баткен облусунун Лейлек районунун чек арадан көчүүчү тургундары, жаңы конуштарга жайгаштырылып бүттү. Бул тууралуу облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мамлекет тарабынан 76 турак жай курулду. Тагыраагы, Лейлек районунун Раззаков айылына 60 турак үй, Максат айылына 16 турак үй курулган.
Жаңы конуштарга Нурматов жана Жаныбаев көчөлөрүнүн, Сада участкасынын жана Максат айылынын тургундары жайгашты. Бул аймактар, Тажикстандын Гафуров жана Расулов районунун Хистевраз жана Маданият айылдарынын аймактарына алмаштырылууда.
Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов аталган айылдардын тургундарынан кабар алды. Облус башчысы алдыда жаңы конуштун инфраструктуралык жумуштары бүткөрүлүп, тийиштүү бардык шарттар түзүлөрүн билдирип, ар тараптуу колдоолор уланарын белгиледи.
Белгилей кетсек, буга чейин Баткен районунун Достук жана Дөбө айылдарынын, Ак-Татыр айыл аймагынын Таш-Тумшук айылынын, Көк-Терек жана Мазеиттин жери участкаларынын, ошондой эле Самаркандек айыл аймагынын Тескей участкасынын тургундары да жаңы айылга көчкөн. Алар үчүн Баткен районунун Бужум айылына караштуу Чет-Булак участкасына, 181 турак үйдөн турган Жаңы Достук айылы түптөлгөн. Жогорудагы айылдар Тажикстандын Исфара районунун Чорку жамаатына караштуу Сомониён, Кожо-Аьло айылдарына алмашылган.
Эске салсак, Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгында айрым айылдарды алмаштыруу макулдашылган.