Кытайдын административдик аймагы Гонконгдогу турак жай комплексинде чыккан өрттөн каза болгондордун саны 150 адамга жакындады. Бул тууралуу Орусиянын "РИА Новости" басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү бийлик жекшемби күнгө карата маалымат берип, тилсиз жоодон каза болгондордун саны 146 адамга жеткенин билдирген.
Белгилей кетсек, 26-ноябрда Гонконгдогу жайгашкан көп кабаттуу турак жай комплексинде ири өрт чыккан. Өрт түштөн кийин "Ван Фук Корт" аттуу комплекстен башталган. Турак жайда 4600дөн ашык адам жашачу жана имаратта оңдоо иштери жүрүп жаткан. Комплексти курчап турган бамбуктан жасалган курулуш тепкичтери жана коргоочу тор жабдуусу өрттүн тез жайылышына негизги фактор болгондугу айтылууда.
Учурда аталган жайдагы ири өрт өчүрүлүп, тазалоо иштери жүрүүдө.