Бүгүн, 30-ноябрда Кыргызстандын Люксембург айылындагы шайлоо тилкесинде жагымдуу жагдай болду. Жаңы турмуш жолуна аттанган кыз ак көйнөгү менен өзүнүн мааракесине карабай, шайлоо тилкесине келип добуш берди.
Шайлоо тилкесинин мүчөлөрү анын жарандык жоопкерчилигин жогору баалап, өзгөчө ыраазычылык билдиришти. Комиссия өкүлдөрү келинге бата берип, жаңы үй-бүлөсүнө бакыт жана береке каалашты.
Окуя айылда жана социалдык тармактарда жылуу кабыл алынып, көптөр кыздын жоопкерчилигин жана жарандык позициясын үлгү катары белгилешүүдө.