Шайлоого катышуунун көрсөткүчү 2021-жылга салыштырмалуу жогору экени айтылды

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого саат 18:00гө карата шайлоочулардын 31 пайызы катышканын билдирди.

Ал тактагандай, 1 миллион 330 миң 602 адам добуш берген. Алдыда №4,10,13,30 шайлоо округдары келе жатканын белгилеп, 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоо менен салыштырды.

"Биз саат 18:00гө карата көрсөткүчтү 2021-жылдагы шайлоого салыштырсак, анда быйылкы шайлоого 300 миңге көп адам катышканы байкалат. 2021-жылы бул убакта 1 миллион 32 миң 664 адам катышкан. Көрсөткүч 28,53 пайыз болгон", - деди Шайназаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан