Сүлүктү шаарындагы көмүр кендеринен арзан баадагы 322 тонна көмүр Баткен шаарына, Баткен районуна жана Кызыл-Кыя шаарына жеткирилди. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Облус башчысы Айбек Шаменовдун тапшырмасына ылайык, Баткен облусунун калкын арзан баадагы көмүр менен камсыздоо максатында жергиликтүү бийлик органдары менен Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарынын ортосунда келишим түзүлүп, арзан көмүр жеткирүү иштери активдүү уланууда.
Сүлүктү көмүрү кендердин түз жеткирүүсүнүн натыйжасында облус аймагында 6,50 тыйындан 8 сом 50 тыйынга чейин бааланууда.
Бул эл тарабынан суроо-талап жогору болгон көмүрдүн БР (орешка) түрү болуп эсептелет.