Өкмөт башчы Касымалиев шайлоо боюнча комментарий берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезексиз парламенттик шайлоонун жыйынтыгына токтолуп, шайлоого өз баасын берди.

Анын айтымында, шайлоо жогорку деңгээлде жана тартип менен өткөн.

"Добуш берүүгө катышып, атуулдук милдетин аткарып, татыктуу талапкерлерди тандап алган шайлоочуларга ыраазычылык билдиргим келет",- деген Касымалиев.

Ошондой эле шайлоо толугу менен автоматташтырылган систем аркылуу өтткөнүн, мурдагыдай бийлик бул процесске кийлигишпегендигин белгилеп өткөн.

"Биз шайлоону ачык өткөрүү үчүн бардык шарттарды түздүк. Жаңы Жогорку Кеңеш менен кызматташууга даярбыз. Экономиканы 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасы мурда кабыл алынган, эми жаңы парламент менен биргеликте республикалык бюджетти, маанилүү мыйзам долбоорлорун талкуулап, аны ишке ашыруунун үстүндө иштейбиз",- деп кошумчалаган ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан