Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкө башчы Садыр Жапаровду парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Бул тууралуу Казак президентинин басма сөз кызматы кабарлады.
Анда Токаев бул маанилүү саясий иш-чаранын жыйынтыгы Кыргызстандын стратегиялык өнүгүү жолунда экенин көрсөтө турганын белгилеген.
"Парламенттик шайлоо сиздин күчтүү жана гүлдөгөн мамлекет куруу багытыңызга жалпы элдин колдоосун көрсөттү. Мен Казак-Кыргыз стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы динамикалуу өнүгүп жатканын кубануу менен баса белгилейм. Кылымдардан бери келе жаткан достукка, жакшы коңшулукка жана өз ара колдоолорго таянуу менен биз жетишкендиктерибизди кеңейтип, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамлекеттер аралык кызматташтыкты жаңы бийиктиктерге алып чыгабыз деп ишенем",- деген Касым-Жомарт Токаев.
Ошондой эле Садыр Жапаровго жооптуу ишинде мындан аркы ийгиликтерди каалай турганын кошумчалаган.