Шайлоо күнү мыйзам бузуу боюнча 79 кайрылуу келип түштү (видео)
Шайлоо күнү, 30-ноябрда мыйзам бузуу боюнча 79 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз катчысы Султан Макилов "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, мыйзам бузуу боюнча келип түшкөн кайрылуулардын көпчүлүгү үгүт иштерине байланыштуу.
"Келип түшкөн кайрылуулар үгүт иштерине байланыштуу болуп жатты. "Муну шайлап кой" деген мыйзамсыз үгүт эрежелерин бузуу иштери катталды. Учурда ал маалыматтардын баарын текшерип жатабыз, тиешелүү чечимдер кабыл алынат",- деген Макилов.
Шайлоо күнү мыйзам бузу боюнча 79 кайрылуу келип түштү