Лионель Месси пас берүү боюнча дүйнөлүк рекордду жаңылады 

Аргентиналык чабуулчу Лионель Месси карьерасында эң көп пас берүү боюнча дүйнөлүк футбол рекордун жаңылады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, "Интер Майами" менен "Нью-Йорк Сити" футболдук клубунун беттешинде Месси 405-пасын берип, футбол тармагында дагы бир рекорд жарата алган. Муну менен ал буга чейинки Ференц Пушкаштын рекордун жаңылай алды. Пушкаш 404 пас берип, рекорд койгон футболчу.

Белгилей кетсек, аргентиналык оюнчу дүйнөдөгү эң көп медаль алган оюнчу болуп эсептелет. Ал эми экинчи орунда анын мурдагы кесиптеши Дани Алвес турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан