Мас абалында унаа башкарган мурунку тартип сакчысы буга чейин дагы өлүм менен коштолгон жол кырсыгына күнөөлүү болгон. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматында, ал 2018-жылы "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" сынагынын жеңүүчүсү Сания Шакированын өлүмүнө алып келген жол кырсыгында күнөөлүү деп табылган.
Айдоочунун мас абалда унаа башкарганы аныкталып, 10 жылга жатак абакка кесилип, маркумдун жакындары 2 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирилген. Кийин анан жазасы жаңы Кодекс боюнча 5 жылга кыскартылган.