Быйыл окуучулардын кышкы каникулу 12 күнгө созулат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымат берди.
Ага ылайык, мектеп окуучулары 31-декабрдан 11-январга чейин эс алышып, 12-январда мектепке барышат.
Ал эми 12 жылдык мектептин 1-классы - 6 жаштагы окуучулар үчүн каникул кошумча 2 жумага узартылат. Алар 24-декабрдан 18-январга чейин эс алууда болушат.