Президент Садыр Жапаров кийинки парламенттик шайлоодо онлайн добуш берүүнү киргизүү пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу өлкө башчы эл аралык байкоочулар менен жолуккан учурда билдиргенин "Кабар" агенттиги жазды.
Анда Жапаров шайлоодо коррупциялык көрүнүштөр жок кылынганын белгилеп өткөн.
"Шайлоо мажоритардык системде өттү. Талапкерлер өздөрүнүн программаларын элге тааныштырышты. Биз кийинки шайлоолордо онлайн түрдө добуш берүүнү киргизүүнү пландап жатабыз. Мында шайлоочулардын катышуусу 80 пайызга чейин жетиши мүмкүн. Бул ыкманы президенттик шайлоого колдонууга жетишпей калабыз. Эмки парламенттик шайлоодо онлайн добуш берүү ыкмасын киргизүүнү пландап жатабыз", - деген Садыр Жапаров.