*1701-жылы бул күнү Пётр I
инженердик мектеп куруу туурасында жарлык чыгарган. Учурда Орусияда 21-январь Инженердик аскерлер күнү катары белгиленип келет.
*Мындан 90 жыл мурун, тактап айтканда, 1924-жылдын
21-январында совет мамлекетинин жана коммунисттик партиянын негиздөөчүсү
Владимир Ильич Ленин каза болгон. Ал 1870-жылы 22-апрелде жарык дүйнөгө келген.
1903-жылы большевиктер партиясын жетектеп, 1917-жылы Орус падышачылыгын тактан
кулатып, ал бийликке келген.
*1975-жылдын ушул күнү мурдагы муфтий Чубак ажы
Жалилов Базар-Коргон районунда жарык дүйнөгө келген. Ал 1992-1996-жылдары
Азирети Умар атындагы Кыргызстан ислам университетинде, 2000-2002-жылдары Сауд
Арабиядагы “Умм аль-Куро” аралык университетинин алдындагы араб тили институтунда,
2002-2006-жылдары жогоруда аталган окуу жайда фикх боюнча билим алган. Ошондой
эле Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстандын Азирети муфтийи кызматын
аркалаган.
*Мындан 20 жыл мурун Кыргызстан элдеринин биринчи курултайы башталган. Анда “Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз” урааны кабыл
алынып, Кыргызстан элдеринин ассамблеясы түзүлгөн.