Өлкөдө жөлөк пулдун суммасы 2 миң сомдон 8 миң сомго чейин жетет

Өлкөдө социалдык жөлөк пулдун суммасы 2 миң сомдон 8 миң сомго чейин. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 108 миңден ашуун адам ар айлык социалдык жөлөк пул алат. Жөлөк пул алуучулардын саны 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,2 пайызга азайды.

Ар айлык социалдык жөлөк пул пенсиялык камсыздандырууга укугу жок, эмгекке жарамсыз жарандарга чектелет. Алар: 18 жашка чейинки майыптуулугу бар балдар, ата-энесинин биринен ажыраган балдар, ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдар, бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, жалпы оорудан улам ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, баатыр энелер, улгайган жарандар.

"Учурда республика боюнча ар айлык социалдык жөлөк пулдун орточо өлчөмү 6 миң 344 сом. Ушул жылдын 1-ноябрына карата ар айлык социалдык жөлөк пулду төлөөгө 7 миллион 200 миң сом жумшалды", - деп билдирди министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан