Ошто "Евразия" медиамектеби 60тан ашуун жаш журналисттерди жана блогерлерди чогултту

Эки күндүк "Евразия" медиамектеби жыйынтыкталды. Ал 60тан ашуун студенттерди, жаш журналисттерди жана жаңыдан баштап жаткан блогерлерди бириктирди. Бул долбоор аймактагы эң ири билим берүүчү медиа аянтчалардын бири болуп, коммуникация, санариптик контент жана журналистика тармагындагы келечектеги жана азыркы адистерди багыт берет.

Ачылыш аземи Ош мамлекеттик университетинде өтүп, ага белгилүү медиа эксперт Кубан Абдымен, эл аралык журналист Турал Керимов, жасалма интеллект боюнча эксперт Чыңгыз Дамирбеков, популярдуу подкастер Канат Камчыбеков жана иликтөөчү журналист Мунарбек Имаров катышты.

Биринчи күндүн сабактары журналистикага, андагы жасалма интеллектке, журналисттик иликтөөлөргө, фактчекингге жана подкаст жаратууга арналды. Спикерлер санариптештирүү шартында журналисттин ролу кандай өзгөрүп жатканын, материалдарды даярдоодо көмөктөшүүчү ЖИ инструменттери кандай экенин, иликтөөнүн структурасын кантип түзүү жана фейктер менен маалыматтык манипуляциялар доорунда маалыматты кантип текшерүү керектигин түшүндүрүштү.

Эксперттер концепцияны иштеп чыгуудан жана сценарий жазуудан тартып, жазуу жана жайылтууга чейин, ошондой эле подкаст түзүүнүн практикалык ыкмалары менен бөлүшүштү. Катышуучулар аудиоконтенттин азыркы форматтарын билип, өз медиа долбоорлорун өнүктүрүү боюнча сунуштарды алышты.

Экинчи күнү катышуучулар эл аралык журналист Турал Керимовдун жетекчилиги астында окууну улантышты. Сабактардын алкагында эл аралык журналистиканын стандарттары, заманбап медиамейкиндиктин өнүгүү тенденциялары жана визуалдык маданияттын негизги аспектилери талкууланды.

Спикер журналисттер глобалдык өзгөрүүлөргө кандайча ыңгайлашуусу керектигине, сторителлингди күчөтүү үчүн визуалдык форматтарды колдонууга жана иште жогорку этикалык стандарттарды сактоого өзгөчө көңүл бурду. Катышуучулар чыныгы кейстерди талдап, сапаттуу мультимедиалык контент түзүү боюнча сунуштарды алып, дүйнөлүк редакциялар колдонгон тажрыйбалар жөнүндө маалымат алышты.

Уюм жөнүндө:

"Евразия" - эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө жардам берген автономдуу коммерциялык эмес уюм. Ал жеке каражаттардын эсебинен салттуу баалуулуктарды сактоого жана улуттар аралык мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашырат. "Евразия" социалдык маанилүү демилгелерди колдоп, ар кандай маданияттагы адамдарга бири-бири менен баарлашууга мүмкүнчүлүк түзөт. Билим берүү, медицина, жаштардын тажрыба алмашуусу тармагындагы долбоорлорду өнүктүрөт. Негизги багыттардын бири окуучуларды, студенттерди жана жаш адистерди колдоо. Долбоорлордун арасында билим берүү программалары, тажрыйба алмашуу, ири мамлекеттик компанияларда такшалмалар, медиамектеп бар. Бир жарым жыл ичинде "Евразия" ар кайсы өлкөлөрдөн 100 000 катышуучуну бириктирип, евразиялык мейкиндиктеги гуманитардык кызматташуунун алдыңкы платформасы болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан