"Тамактар бышпай..." Москвадагы “Ашлян-Фу” ашканасынын ээси Кубанычбек Калиев менен маек

SUPER.KG порталынын бул жолку каарманы — Москва шаарында ийгиликтүү ишкерлик кылып, көпчүлүккө таанылган мекендешибиз Кубанычбек Калиев. Ал азыркы тапта Орусиянын борборунда өз даамы жана кызмат көрсөтүүсү менен айырмаланган "Ашлян-Фу" ашканасын иштетип келет.

Кубанычбек мырза маекте Москвадагы жеке ишкерлердин жашоосу, алардын күнүмдүк түйшүктөрү, ийгиликтерге жетүүдө талап кылынган эмгек жана чыдамкайлык тууралуу кенен баяндап берди.

"Келинчегим экөөбүз от менен суудан өттүк", — деген ал жашоосундагы олуттуу сыноолорду, башынан өткөн кыйынчылыктарды жана аларды жеңип чыгуудагы үй-бүлөнүн ролун да бөлүштү. Анын сөздөрү көпчүлүктү шыктандырып, мекендештердин чет жактагы аракеттерин жана өжөрлүгүн айгинелейт.

Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын YOUTUBE каналынан көрүңүздөр!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан