Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык мекемелерде жаңы жыл алдында кызматкерлерден акча чогултуу көрүнүшүнө тыюу салды. Ал жетекчилерге эч кандай белек топтоо, пакет же себет ташуу сыяктуу иш-аракеттерге жол берилбесин катуу эскертти.
“Кабинет кыдырып белек баштыгын көтөрүп жүргөн жетекчилерди көрбөйүн. Жаңы жылдык кечелер боюнча тапшырмаларды бергенбиз. Ошондой эле кызматкерлерден жаңы жылдык белекке акча чогултууга тыюу салынат. Эгер бир кызматчыны пакет көтөрүп бара жаткан жеринен көрсөм дароо кызматтан алам”, — деп билдирди мэр.
Айбек Жунушалиев бул чаралар муниципалитетте таза иш алып баруу, кызматтык басымды жана мажбурлоону жоюу максатында көрүлүп жатканын айтты. Мэрия жетекчилеринен тартипти жеке көзөмөлгө алууну тапшырды.