Израилдин президенти Ицхак Герцог соттук иштерге туш болгон премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга ырайым кылууну чечүүдө өлкөнүн жарандарынын кызыкчылыктарын эске ала турганын билдирди. Бул тууралуу The Times of Israel басылмасы жазды.
Ал белгилегендей, ырайым кылуу өтүнүчү өлкөдөгү көптөгөн адамдардын, ар кандай коомчулуктардын тынчсыздануусун, талаш-тартыштарды жаратууда. Израилдин президенти жарандарды өзүнүн расмий сайтына кирип, өз пикирлерин билдирүүгө үндөдү.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Израилдин президентине кат жолдоп, коррупцияга байланыштуу соттолуп жаткан Нетаньяхуга ырайым кылууну суранган. Трамп Нетаньяхуга коюлган коррупциялык айыптар негизсиз экенин баса белгилеген.
Нетаньяху Израилде паракорчулук, алдамчылык жана ишенимди бузуу боюнча айыпталууда. Израилдик маалымат каражаттары ырайымга ээ болуу үчүн Нетаньяху адегенде үч айып боюнча тең күнөөсүн моюнуна алышы керек деп жазат.