Бразилиядагы зоопаркта арстан 19 жаштагы жигитке кол салып, ал каза тапты 

Бразилиянын Жуан-Песоа шаарындагы зоопарктардын биринде арстан 19 жаштагы жигитке кол салып, жигит алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, окуя зоопаркта көрүүчүлөр бар учурда болгон. Алар арстандын жигитке кол салып жаткан учурду видеого түшүрүүгө жетишкен. Окуяга күбө болгондордун айтымында, жигит зоопарктагы 6 метрлик дубалга чыгып, арстан жаткан короого түшүп кеткен.

Андагы кызматкерлер баланы куткарууга аракет кылышкан. Бирок тилекке каршы 19 жаштагы жигит жаракатынан улам окуя болгон жерден каза тапкан. Алдын ала маалыматтар боюнча бала психикалык жактан жабыркаганы айтылды.

Аталган окуядан кийин зоопарк көрүүчүлөр үчүн жабылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан