"Зарыл болгондо карантинге чыгат". Мэрия Бишкектеги мектептерде көзөмөл жүрүп жатканын маалымдады

Бишкектеги билим берүү мекемелери күн сайын көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы билдирди.

Мэриянын маалыматында, зарыл болгон учурда Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору атайын буйрук чыгарат, андан кийин балдар карантинге жөнөтүлөт. Чечимдер жеринде кабыл алынып, тиешелүү кызматтардын өзгөчө көзөмөлүндө турат.

"Ата-энелерди кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, балдардын ден соолугуна көз салып турууга, ошондой эле курч респиратордук вирустук инфекциянын же сасык тумоонун белгилери бар балдарды мектепке жөнөтпөөгө чакырабыз",- деп билдирди мэрия.

Учурда эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө боюнча иш-чаралар улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан