Мелания Трамп Ак үйдүн Жаңы жылга карата жасалгалоосун көрсөттү (сүрөт)

АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп Жаңы жылга карата Ак үйдүн жасалгалоосун бүтүрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Быйылкы Ак үйдүн жасалгасы "Үй - жүрөк бар жерде" тематикасына жана АКШнын негизделгендигинин 250 жылдыгына карата байланыштырылып кооздолгон.

"Бул Жаңы жылда өзүбүздүн сүйүүбүздү майрамдап, аны курчап турган дүйнө менен бөлүшөлү",- деп билдирүү кылган Мелания Трамп.

Ак үйдү жаңы жылга карата жасалгалоого ар кайсы өлкөдөн келген ыктыярчылар жардам берген. Декорацияга 75 гүлчамбар, 51 балаты, 200 метрден ашык гирляндалар, 7,5 чакырымдан ашык ленталар жана башка көптөгөн оюнчуктар керектелген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан