ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 1-декабрдан 7-декабрга чейин

КОЙ
(21.03–20.04)

Кыштын биринчи аптасы жомоктогудай көз ирмемдерди тартуулайт. Жашоодо болбойт деген сыйкырга тете окуялар жашооңуздан орун алат. Мектеп окуучуларын, студенттерди кубанта турган ийгиликтер болот. Аптанын ортосунда жеген тамак-ашыңызга көңүл буруңуз, айрыкча фаст-фуд жегенден сак болуңуз, уулануу коркунучу бар. Жүрөгү боштор бул аптада да күтүү режиминде болмокчу, ал эми түгөйлүүлөр сүйүүсүн бекемдөө үчүн жагымдуу сюрприз тартууласа жакшы.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Жашоосундагы көйгөйлөрдөн башы чыкпай жатып, айланасын, артын караганга убакыт таппай калганын байкайт букачарлар. Токтоңуз, артка кылчайыңыз, башыңызга келген кара булут тарап баштаганын көрөсүз. Өзүңүзгө болгон ишенимди көтөрүү максатында дүкөндөн жакшы кийим сатып алсаңыз, чач жасалгага өзгөртүү киргизсеңиз жакшы. Дем алыш күндөрүндө сыртка чыгып эс алыңыз, интернеттен алыстаңыз, шаңдуу компаниянын курчоосунда болсоңуз, энергия топтойсуз.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Бул аптада эгиздер тынчтык орнотуучу, ортомчу жана жакшы дос катары иш алып барышат. Айланаңызда ушак айтуудан баштап, жашоонун маңызы тууралуу талкууга чейин сизден бир нерсе каалай турган, кеңеше турган ар түрдүү адамдар болот. Көптөгөн жолугушуулар, сүйлөшүүлөрдөн чарчап, аптанын экинчи жарымында жалгыз калгыңыз келет. Спирт ичимдиктеринен алыс болуңуз. Финансы жаатында: бул аптада карыз албаңыз жана карызга да бербеңиз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Сиз үчүн кыштын алгачкы аптасы бат өтөт. Жумуштун, үйдөгү майда-чүйдө тиричиликтин көптүгүнөн улам кантип убакыт өткөнүн байкабай каласыз. Иммунитетти көтөргөнгө басым жасаңыз, антпесе кайра-кайра тумоолоп ооруй беришиңиз мүмкүн. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири ири суммадагы пайда таап кубанасыз. Аптанын экинчи жарымында кимдир бирөөгө белек алышыңыз ыктымал. Башкалардын сөзүнө кирип бирөөгө сын таккандан алыс болуңуз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Ийгиликти бирөө алып келип чөнтөккө салып бербейт, ага жетүү үчүн талыкпай эмгектенүү керек экенин арстандар билишет. Аптада эмгегиңиздин үзүрүн көрөсүз, бул материалдык жактан эмес, моралдык жактан колдоо, мактоо, суктануу болушу ыктымал. Бул күндөрү достор менен жолугушуу күтөт, бирок ал жакка түгөйүңүздөр жок баруу керек. Болбосо кайсы бир жагдайдан улам түшүнбөстүктөр чыгышы мүмкүн. Үйүңүзгө жаңы буюм сатып алып же белекке алууңуз күтүлөт.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Аптада сизди жеке жашоодо көбүрөөк ийгилик күтөт. Бойдоктор жаңы таанышкан адамы менен жакшы тил табышат. Ал эми түгөйлүүлөрдүн мамилеси бекемделмекчи. Сагынган адамдардын үйүнө конокко барасыз. Күн тартибиңизге физикалык активдүүлүк кошсоңуз ашыкча болбойт. Жумушта майда-чүйдө нерсеге чейин жоопкерчиликтүү болуңуз, анан да сизден пунктуалдуулук талап кылынат. Апта аягы базарга же соода түйүндөрүнө кийим-кече жаңыртуу үчүн чыгышыңыз мүмкүн.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Жашоонун бардык тармагында баланс кармаганга мүмкүнчүлүк жаралат. Мурдагы түшүнбөстүктөр, таарынычтар оң жагына чечилет. Каржылык жаатта туруктуулук сакталат. Сүйүү мамилесинде ийкемдүү болсоңуз, көптөгөн пикир келишпестиктердин алдын алган болосуз. Интеллектуалдык, ораторлук, уюштуруучулук талантыңыз керек болот. Апта аягы өзүңүздү жакшы сезүү үчүн көп адамдын кереги жок экенин, чындап сизди түшүнгөн бир-эки адам болсо жетиштүү болорун байкайсыз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Профессионалдык ишмердүүлүгүңүздү өнүктүрүүгө ылайыктуу убакыт. Шейшемби, шаршемби күндөрү конфликттүү учурлардан качканыңыз жакшы, болбосо баарына сиз күнөөлүү болуп чыга келесиз. Бойдоктордо сезимдерин ачык айта албай, кыйытып билдиргенге аракет кылган адам пайда болот. Акча жаатында баарын алдын ала пландап, анан соода кылганыңыз жакшы. Колдоо керек болсо, уялбай сураганга аракет кылыңыз. Айланаңызда сизди чындап колдогон адамдар бар.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Кыштын биринчи айы жаачылардын сахнага чыга турган убактысы. Максаттар, кыялдар орундала турган мезгил. Бул аптада көп адамдын көңүл борборунда болосуз, бул сиздин өзүңүзгө болгон ишенимди көтөрүүгө жардам берет. Финансы жаатында толуктоо күтүлөт, дароо коротуп салбай, үнөмдөгөнгө, көбөйткөнгө, сактаганга аракет кылыңыз. Студенттердин окуусунда ийгилик күтүлөт. Өзүмчүлдүк сапатты бир аз ката туруңуз, болбосо конфликт жаралат.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Жалгыздыкта, тынчтыкта эс алгыңыз келет. Колдон келсе баарын убактылуу артка жылдыра туруп, өзүңүзгө эс алуу тартуулаңыз. Үй-бүлөңүз ар дайым сиз тарапта болорун унутпаңыз. Жумушта баары бир темпте, ойдогудай ыргакта өтөт. Үйдө электр приборлору же техника бузулуп, оңдошуңуз мүмкүн. Электр тогу менен иштөөдө ток сокпошу үчүн коопсуздук техникасын так аткаруу керек. Интернетте онлайн алдамчылардын тузагына түшүп калуудан сак болуңуз.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Иш сапарына чыгасыз, көп маанилүү иштерди бүтүрүшүңүз мүмкүн. Жыйынтыгында каржылык жактан жакшы пайда көрөсүз. Социалдык тармакта иштегендерди да ийгилик коштойт. Аптанын экинчи жарымында романтикалык жаатта унутулгус жагымдуу көз ирмемдерди өткөрүшүңүз күтүлөт. Стандартка туура келбеген идеяларыңыз колдоо табат, андыктан тартынбай ишке ашыра бериңиз. Дем алыш күндөрүн тынч, жылуу жайда ысык чай же кофе ичип, сериал көрүп өткөрсөңүз жакшы.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Балыктар үчүн иштечү, иштечү жана да иштечү мезгил. Убактысы келип турганда иштеп алган жакшы, азыр сунушталып жаткан мүмкүнчүлүктөрдү кийин таппай калышыңыз мүмкүн. Андыктан жалкоолукту алыс кууңуз. Туш келди дары-дармек ичүүдөн абайлаңыз, андан көрө врачка барып текшерилген туура. Манипуляторлордун таасиринде калышыңыз мүмкүн, айланаңыздагы адамдарга баам сала жүрүңүз. Романтикалык жаатта идеалдуу адамды күтө бергенден пайда чыкпайт.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан