
Сингапурда өткөн аптада баңгизат жүгүртүү боюнча кылмыштарга айыпталган үч адам эки күндүн ичинде өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги билдирди.
Маалыматтарга караганда, быйыл өлкөдө өлүм жазасына тартылгандардын жалпы саны 17ге жетип, бул 2003-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды.
Акыркы аткарылган өлүм жазасы өлкөдө баңгизатка байланыштуу кылмыштар үчүн милдеттүү өлүм жазасы боюнча конституциялык талкуулар башталаардан бир жума мурун орун алды.
Адам укугун коргоочу активисттер бул мыйзамды сынга алып, баңгизатка байланышкан кылмыштар үчүн милдеттүү өлүм жазасы — жашоого болгон укукту жана мыйзам алдындагы теңдикти бузат, ошол эле учурда өлкөнүн Конституциясына каршы келет деп билдиришүүдө.
Бирок Сингапур өкмөтү мындай катаал жаза чарасы баңгизатка каршы күрөштө натыйжалуу тоскоолдук болуп берет деп эсептейт.
2023-жылы жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында Сингапур жарандарынын жана туруктуу жашоочуларынын 69 пайызы ири көлөмдө баңгизат жүгүрткөндөргө карата өлүм жазасын колдоорун билдирген.
Бул көрсөткүч өлкөдө өкмөттүн позициясы коомчулук тарабынан кеңири колдоого алынып жатканын да айгинелейт.