Бишкекте Евразия үчүн эксперттик өз ара аракеттенүү жана моделдөө борбору презентацияланды

Бишкекте 2-декабрда "Орусия– Кыргызстан" союздук мамилелерин моделдөө жана эксперттик өз ара аракеттенүү боюнча тегерек стол өтүп, АНО "Евразия" түзгөн Эксперттик өз ара аракеттешүү жана моделдөө борбору (ЭВМ) коомчулукка тааныштырылды.

АНО "Евразия Кыргызстан" директору Урумкулова билдиргендей, борборду түзүү Евразиядагы процесстерди терең талдоо үчүн маанилүү кадам болуп саналат.

"АНО "Евразия" ар дайым маданияттар, идеялар жана өнөктөштүк демилгелеринин жолугушуучу жайы болуп келген. Бүгүн биз бул салтты улантып, Кыргызстан жана Орусиянын эксперттерин, изилдөөчүлөрүн жана институт өкүлдөрүн бириктирип жатабыз. Кыргыз-орус мамилелери – биздин аймактагы туруктуулук жана ишенимдин негизги булагы. Бул узак мөөнөттүү өнөктөштүктү бекемдөөгө жардам берет. Бул маанилүү жолугушуулар Кыргызстан менен Орусия ортосундагы процесстерди жакшыраак түшүнүүгө, биргелешкен чечимдерди издөө жана кесиптик байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт. Биздин үмүт — борбор жаңы идеялардын пайда болушуна, узак мөөнөттүү кызматташтык моделдеринин түзүлүшүнө жана замандын талабына ылайык жаңы форматтардын өнүгүшүнө өбөлгө болот",- деди Урумкулова.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Орусиянын мамилелери акыркы жылдарда стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине жетип, ырааттуу ишеним жана өз ара урматтоо негизинде өнүгүүдө. Бул процесстерге 2023-жылы Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары жана эки мамлекеттин лидерлери тарабынан союздук жана стратегикалык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча Биргелешкен декларациянын кабыл алынышы да чоң мааниге ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан