Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер шайлоо иштерине жалпы 1 миллиард 582 миллион сом коротушканын билдирди.
БШК шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн талапкерлерге "Элдик Банктан" жана "Айыл Банктан" 510 атайын эсеп ачылганын белгиледи. Ачылган эсептерге жалпы 1 миллиард 791 миллион сом түшкөн.
Натыйжада, калган 147 миллион 80 миң сом БШКнын депозиттик эсебине түшкөн. Эми ал каражат мамлекеттик бюджетке которулат.
Белгилей кетсек, талапкер катары 467 адам катталган.