Казакстанда үрөй учурган жол кырсыгынан жети адам каза болду 

Казакстандын Алматы облусунда болгон үрөй учурган жол кырсыгынан жети адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Казак басылмасы Tengrinews.kz жазды.

Маалыматка ылайык, кырсык Алматы-Бишкек жолунун 129-чакырымында болгон. Анда Honda Odyssey унаасынын айдоочусу алдында бара жаткан жүк ташуучу унаанын чиркегичи менен кагышкан.

"Кырсыктын кесепетинен унаадагы жети адам, анын ичинде айдоочу да алган жаракаттарынан улам каза болушту",- деп билдирген жергиликтүү бийлик.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан